АРИЛЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:09, 5 Июнь (Кулжа) 2022 карата 433-496>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– инди-европалык (инди-ирандык)

тилдик жалпылыкка кирген элдердин аталышы. «А.» деген түшүнүк 19-к-дын орто ченинен инди-европа тилдеринде сүйлөгөн урууларды ж-а элдерди айырмалап белгилөө маанисинде айтыла баштаган. Инди-иран тилинде сүйлөгөн элдер эң байыркы жазма эстеликтерде эле коңшу же каратып алынган элдерден айырмаланып, толук укуктуу, таза кандуу адамдар экендигин белгилөө үчүн өзүлөрүн А. деп аташкан. А. деген сөздөн бир катар геогр. ж-а этностук аталыштар келип чыккан. Мис., Ирандын азыр­кы аталышы (Aryanam – «А.» өлкөсү) ушул сөздөн алынган. Айрым уруулар да өзүн өзү А. деп аташкан (мидиялык аризанттар уруусу - «А.» уруусу, А-дин сармат уруусу, осетиндердин түпкү теги болгон – аландар – «аллен» – ба­йыркы иран сөзү агуапа ж. б.). Расисттик ад-тта (асыресе фашисттик Германияда) А. термини өтө бир жактуу, илимге жат мүнөз алган. Алар өзгөчө «жогорку» арийлик расанын бар экендигин ж-а аны негизинен немистер түзөөрүн далилдөөгө аракеттенишкен.