АРЕАЛ
15:09, 5 Июнь (Кулжа) 2022 карата 433-496>KadyrM тарабынан жасалган версия
(лат. area – аянт, мейкиндик) – жаныбарлардын ж-а өсүмдүктөрдүн белгилүү түр, уруу
ж-а тукумунун жер бетинде таралган аймагы.
Андагы түр ошол аймактын бардык жеринен
кездешсе – т у т а ш, аймакта түрлөр топ-топ
болуп бөлүнүп кездешсе – үзгүлтүктүүА.
деп аталат. А-дын аянты ар түрдүү, мис., айрым түрлөр чакан аянтта (тоо чокусу, арал,
капчыгай, көл) гана, башкалары өтө кеңири
таралып, бир нече материкте, аймакта жашайт.
Кээ бир түрлөр (дан өсүмдүктөрү, таранчылар)
Жер шарынын бардык булуң-бурчунда таралган. Булар космополиттер деп аталат.
Аны үйрөнүү фауна м-н флораны аныктоодо чоң
мааниге ээ. А-ды изилдөө картага түшүрүү м-н
жүргүзүлөт.