АРГЫНДАШТЫРУУ
– тукум куума касиеттери ар түрдүү организмдерди кайчылаштыруу же
кыйыштыруу; өсүмдүк ж-а жаныбар с'елекция
ыкмаларынын бири. Табияттагы биол. формалардын эволюциясындагы негизги фактор болуп
эсептелет. Өсүмдүк ж-а малды чарбалык баалуу
белгилери б-ча тандоодо, о. эле жаңы порода
(сорт) чыгарууда баштапкы материал болуучу
гибрид ж-а метис, чалыш, аргын алуу үчүн, асыл
тукум ишинде породаларды жакшыртуу жолу
катары же малдын кунардуулугун жогорулатуу
үчүн пайдаланылат. Анын түрдүү жолдору бар.
Ал тектеш ж-а тектеш эмес болуп бөлүнөт. Тектеш эмес А-нун түрлөрү: порода аралык (сорт
аралык), линия аралык, түпкү тегинен А. Мал
чарбасында А. метистештирүү деп аталып, асчкания кою, ала-тоо ую, кыргыз уяң жүндүү кою
ж. б. породалар чыгарылган. Өсүмдүк жасалма
ж-а табигый жол м-н аргындашат. Табигый А.
шамаал, чымын – чиркей ж. б-дын жардамы
м-н жүрөт. Жасалма A-ну адам жүргүзүп, өсүмдүктүн ар кандай пайдалуу сорттору алынган.
к. Гибриддештирүу'.