АРГОС

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:09, 5 Июнь (Кулжа) 2022 карата 433-496>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– Пелопоннес а-нын (түш. Грекия) түн.чыгышындагы байыркы шаар. Калкы 25,1 миң

киши (2004). Б. з. ч. 2-миң жылдыктын 2-жарымында эле ири борбор болгондуктан, байыр­кы акындардын чыгармаларында айрым учурларда бүткүл Грекия А., ал эми гректер аргивяндар деп айтылган. Микен цивилизациясы кыйрагандан кийин A-ту дорийлер мекендеп калышкан. Б. з. ч. 8-6-к-да алардын бийлиги Пелопоннестин түн.-чыгышына тарап, шаар кайрадан гүлдөп-өскөн. A-то монархия б. з. ч. 5-к-га чейин өкүм сүрүп, яттттятт соң демократия орногон. Тышкы саясатында А. м-н Спартанын ортосунда жер үчүн күрөштөр болуп турган. Б. з. ч. 229-жылдан Ахей союзуна, б. з. ч. 2-к-дын экинчи жарымынан Римдин бийлигине өткөн. Б. з. 267- ж-а 395-ж. Готтор тарабынан талкаланган. Бүгүнкү күнү А. Грекиядагы туристтик борборлордун бири. Шаарды археол. изилдөө учурунда Микен дооруна тиешелүү сепилдин, Зевс м-н Афины храмынын, 20 миң орундуу театрдын, музейлердин ж. б. калдыктары та­былган.