АРВАД

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:09, 5 Июнь (Кулжа) 2022 карата 433-496>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
Түн. Финикиядагы байыркы шаар-мамлекет. Жер ортолук деңизинин чыгыш жээгиндеги аралда жайгашкан. Сириянын Тартус ш-нан 3,5 км ж-а Триполиден 47 км түндүктө. Шаар б. з. ч. 3-миң жылдыктын биринчи жарымында ханааней уруулары же арвадиддер тарабынан негизделген. Б. з. ч. 2-миң жылдыкта финикиялык ири шаар-мамлекеттердин бири болгон. Селевкиддер мамлекетинин падышасы Антиох I Сотер шаарды өзүнүн атасы же чоң атасы Селевка I Никатордун урматына Пиерия Антиохиясы деп өзгөрткөн. Б. з. ч. 15-к-дын башында Египет булактарында, б. з. ч. I миң жылдыктын башында ассирия-вавилон шынаа тексттеринде эскерилгендей, А. деңиз саякатчыларынын ж-а соодагерлеринин маанилүү борбору, о. эле чет өлкөлүк басып алуулардан качкан адамдарга баш калкалоочу жай катары эсептелген. Б. з. ч. 14-к-да А. хеттер м-н союздашып, Египетке каршы турган. Б. з. ч. 1100-ж. ченде Ассирия падышасы Тиглатпаласар Iге салык төлөгөн. Б. з. ч. 853-ж. Ассирия падышасы Салманасар IIIгө каршы Каркар согушуна катышкан. Б. з. ч. 734-ж. кайрадан Ассирияга, 604-ж. Жаңы Вавилон падышалыгынын падышасы Навуходоносор IIге баш ийген. Б. з. ч. 5-к-дын аягынан шаар өзүнүн монетасын чыгарган. Б. з. ч. 500–499-ж-дагы грек-перс согуштарында Персияны колдогон. Эллиндик ж-а римдик доорлордо А. көз карандысыздыкка ээ болгон. Аны Рим-Византия мурасчысы башкарган. О. кылымдарда Византиянын кулашына байланыштуу А. кресттүүлөргө баш ийген. 1302-жылдан мусулмандарга багынып берген. А. тургундары балык уулоочулук м-н белгилүү.