АРАП
15:09, 5 Июнь (Кулжа) 2022 карата 433-496>KadyrM тарабынан жасалган версия
– Ош обл-нун Араван р-ндагы кыштак.
Төбө-Коргон айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Араван кыш-нан 13 км түн. тарапта. Ош темир жол бекетинен 45 км. 19-к-дын аяк ченинде отурукташкан. Деңиз деңг. 550 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1847 (2009); негизинен пахтачылыкта, пиллачылыкта, багбанчылыкта эмгектенет. Пахтаны кайра иштетүүчү кичи з-д, орто мектеп, китепкана бар.