АРАЛИЯЛАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:09, 5 Июнь (Кулжа) 2022 карата 433-496>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
(Araliaceae) – эки үлүштүү өсүм­дүктөр тукуму. Дарак, бадал, лиаиалар ж-а кээ

бирлери көп жылдык чөп. Сөңгөгү тикендүү, чатырча гүлдөрү шыпыргы топ гүлдү пайда кылат. Жалбырагы жөнөкөй, сабагында кезектешип же тушташ жайгашкан. Мөмөсү жемиш сымал, айрымдары данектүү. Тукумдун 70тен ашык уруусу ж-а 850гө жакын түрү белгилүү. Алар тропик өлкөлөрүндө, негизинен Инди-Гималай аймагында, кээ бири Түн. Америкада, Чыгыш Азиянын мелүүн р-ндорунда кездешет. Ийне жалбырактуу ж-а аралаш токойдо өсөт. Кээ бири кооздук ж-а дары-дармек үчүн да өстүрүлөт. Айрымынын жыгачы сары, наардуу, жеңил. Оңой жылмаланат. Сапаттуу болгондуктан эмерек жасоодо пайдаланылат. Кырг-нда айрым түрлөрү оранжереяларда, үйдө кооздукка өстүрүлөт. Э. Б. Капарова.