АРАЛАШ ТОКОЙ
15:09, 5 Июнь (Кулжа) 2022 карата 433-496>KadyrM тарабынан жасалган версия
– ар түрдүү тукумдагы,
көбүнчө ийне ж-а жазы жалбырактуу дарактар
өсүүчү аймак. Ал мелүүн алкактардагы ийне,
жазы жалбырактуу, тропиктердеги дайыма
жашыл ж-а жалбырагы күбүлмө, субтропиктердеги лавр ж-а ийне жалбырактуу ж. б. болуп
бөлүнөт. Анда кайсынысы басымдуу болсо, ал
негизгиси болуп, ал эми калганы аралаш дарактарды түзөт. Табигый А. т. көп кездешет,
атайы өстүрүлгөн токойлор да бар.