АРАК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:09, 5 Июнь (Кулжа) 2022 карата 433-496>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– таза этил спиртинин суу м-н аралашмасынан турган алкоголдук ичкилик. Россия­да А. 14-к-дын аягында кара буудай, буудай,

сулу ж. б-дан чыгарыла баштаган. Кыргыздар да илгери эле кымыздан A-ты (чагырмак) тартуу жолун билишкен. А-тын спирттик көлөмү 40, 50 ж-а 56 % болот. Аны даярдоодо суу м-н спирттин аралашмасы активдештирилген көмүрдөн өткөрүлүп, чыпкаланат. Жыттуу чөп, дандан, тамыры жемиш өсүмдүктөрдөн ж-а татымдуу заттардан даярдалган шире кошулганда, (жалбыз, анис, калемпир ж. б.) ар түрдүү тундурмалар (настойка) даярдалат. А-тын баш­ка түрлөрү ачыткан таттуу суюктуктарды буулантуу жолу м-н жүзүм ширесинен (жүзүм А-гы), чие ширесинен (чие А-гы) алынат. Бал камыштын ачыган ширесин буулантуу м-н ром алынат. Коньяк, виски да А-тын түрүнө кирет.