АРАБ ХАЛИФАТЫ
– халифтер (орун басар)
башкарган араб-мусулман мамлекеттеринин
Европа элдериндеги аталышы. А. х. 7-к-дын
башында Мухаммед Батыш Аравияда түзгөн
мусулман жамаатынын (Умма Мухаммадийа)
негизинде түзүлүп, алгачкы халифтер Абу Бекр
(632–634), Омар (634–644), Осмон (644–656)
ж-а Али ибн Абу Талиб (656–661) мусулман жамаатынын эрки м-н шайланышкан. Алар бийлик жүргүзгөн мезгилдерде А. х. ири империяга
айланган. Халифаттын алгачкы борбору Медина ш. болгон. Арабдардын жеңип алууларынын
натыйжасында А. х-тынын курамына Араб
ж. а-нан тартып Ирак, Иран, О. Азия, Сирия,
Палестина, Египет, Түн. Африканын, Закавказье м-н Пиреней ж. а-нын көп бөлүгү, Синдди
камтыган кеңири аймактар каратылган. Төртүнчү халиф Алинин өлүмүнөн кийин халифатта
бийлик Омеяддар династиясынын өкүлү Муавияга өтөт. Ушундан тарта халифти шайлоо
жолу м-н бийликке келүүсү токтотулуп, династиялык башкаруу орнотулат. Муавия өлкөнүн
борборун Дамаскка көчүрөт. 685-ж. бийликке
келген халиф Абд ал-Маликтин тушунда араб
тили халифаттын расмий тилине айланып,
анын курамындагы мамлекеттерде иш кагаздары араб тилинде жүргүзүлө баштаган. Мамлекеттин аймагынын чоңдугунан халифаттын
курамына кирген облустар халиф тарабынан
дайындалган атайын өкүлдөр тарабынан башкарылган ж-а халифтерге мыкты кызмат өтөгөн
айрым провинциялардын башкаруучулары да
бийликти мурастоого укук алышкан. Кээ бир
аймактарда диний ж-а этникалык карама-каршылыктар сепаратизмдин башталышына шарт
түзүп, бийлик жерг. эмирлер м-н султандардын
колуна өткөн ж-а Тунисте, Египетте, Чыгыш
Африкада ж-а О. Азияда жерг. династиялардын
түзүлүшүнө алып келген (Сасаниддер, Тулуниддер, Тахириддер, Аглабиддер, Саманиддер,
Буиддер ж. б.). Омеяддардын бийлиги ич ара чатактардын натыйжасында кулатылып, 750-ж.
Абу Муслим жетектеген козголоңдун натыйжасында Омеяддардын акыркы башкаруучусу Мерва II өлтүрүлүп, принц Абд ар-Рахман Андалуска (Испания) качып кетип, ал жакта Кордова
эмиратын негиздеген. Бийликке келген Аб-ульАббас Саффах Аббасиддер династиясын негиздеген. 929-ж. Испаниядагы Омеяддардын акыркы өкүлү Абд ар-Рахман III өзүн халиф деп жарыялап, Кордованы халифаттын борбору деп
жарыялаган. Ошентип, Омеяддардын Кордова
ж-а Аббасиддердин Багдад халифаттарынын ар
бири ислам дүйнөсүндө мыйзамдуу жогорку бийликке ээ болууга аракеттенген. 972-ж. Фатимиддер династиясынын (909–1171, Түн. Африкада,
борбору Каир) негиздөөчүсү Убайдаллах да халиф ж-а махди титулун алган. Аббасиддер халифаттын борборун Багдадга көчүрүп (айрым
ад-ттарда Багдад халифаты деп аталган), алардын тушунда А. х-ты Чыгыштагы борборлоштурулган ири державага айланып, Аббасиддердин доору – мусулман мамлекеттүүлүгүнүн ж-а
мад-тынын гүлдөгөн мезгили болгон. 1258-ж.
Хулагу жетектеген монгол аскерлери Багдадды
алып, Аббасиддердин акыркы өкүлү халиф Мустасимди өлтүргөндөн кийин А. х. өз алдынча мамлекет катары жоюлган. Аббасиддер Египетке качып барып, Каирде башкарышкан. 1517-ж. халифтин укугу Осмон түрктөрүнүн султандарына өткөн.
Ад.: Бартольд В. В., Теоретическая идея и светская власть в мусульманском государстве, в кн.: Соч., т. 6, М., 1966; Беляев Е.' 'А., Арабы, ислам и арабский халифат в раннее средневековье, 2 изд., М., 1966; Мец А.,' Мусульманский Ренессанс, пер. с нем., М., 1966; Босворт К. Э. Мусульманские династии, пер. с англ., М., 1971.
А. Орозов.