АППИЙ ЖОЛУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:09, 5 Июнь (Кулжа) 2022 карата 433-496>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
, Эски Аппий жолу

римдиктердин алгачкы таш жолу (жалпы уз. 580 кмдей', туурасы 4–4,5 м). Цензор Аппий Клавдийдин тушунда б. з. ч. 312-ж. курулуп башталган (аталышы ошондон келип чыккан). Римди Апеннин ж. а-н түштүгү м-н байланыштырган маанилүү соода ж-а стратегиялык жол катары баалашып, римдиктер аны «бардык жолдордун падышасы» деп аташкан. Жол салууда жер терең казылып, кум, шагыл, топурак м-н толтурулуп, жылмаланган гранит ж-а кум, таш м-н жабылган. Жолго жакын рим патрицийлеринин виллалары курулуп, жолдун жээгинде күмбөздөр, алтарлар ж-а шаардыктардын көрүстөндөрү, а. и. Цециллия Метеллдин, Валерий Коттун мавзолейлери, ыйык Петр м-н Иисус Христос кездешкен жеринде курулган базилика (Байыркы Римде сот ж-а соода има­раты, кийинчерээк христиандык храм), Сан-Себастьяно чиркөөсүнөн алыс эмес жерде Христостун изи калган таш, Максенций цирки (306- 312), Сан-Каллисто, Сан-Себастьяно ж. б. алгачкы христиан катакомбалары жайгашкан.