АПОСТОЛДУК БИР ТУУГАНДАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:09, 5 Июнь (Кулжа) 2022 карата 433-496>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
, а п о с т ол и к т е р – 13-к-дын экинчи жарымы – 14-кдын башында Түн. Италияда уюшулган дыйкан – плевейлердин христиандык сектасы.

Кол өнөрчү Сегарелли тарабынан Парме ш-нда 1260-ж. негизделген. Анын жактоочулары жер ээлөөчүлөрдүн кысымына ж-а католик чиркөөсүнө каршы күрөшүп, менчик мүлктөн баш тартууга ж-а теңчиликке үгүттөшкөн. 1277-ж. Лиондогу собордо католиктик чиркөө тарабы­нан секта еретикалык (динге каршы) деп айыпталып, анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Сектанын негиздөөчүсү Сегарелли 1300-ж. Пармеде отко өрттөлгөн. Анын мураскору Дольчино 1304-ж. Италиянын бир катар шаарларында дыйкандар ж-а плебейлердин антифеодалдык көтөрүлүшүн уюштурган. Ал 1307-ж. басылып, башчысы өлтүрүлгөн. А. б. т. Италия, Фран­ция, Испания ж-а Германияда өз идеяларын 15- к-га чейин үгүттөөнү улантышкан.
Б. Солтонбеков.