АПИС
15:09, 5 Июнь (Кулжа) 2022 карата 433-496>KadyrM тарабынан жасалган версия
– байыркы Египеттеги «касиеттүү» бука.
Птаха кудайынын жаны катары эсептелген.
Кийин Осирис ж-a Ра кудайлары м-н байланыштырылган мифтер кездешет. Б. з. ч. 3-миң жылдыкта түшүмдүүлүктүн пири катары сыйынышкан. Ал көп малдын ичинен өзгөчө белгилери
б-ча тандалып, өзүнчө багылган. Диний жөрөлгөлөрдү аткарууда пайдаланылып, өлгөндөн
кийин аны ардактап көмүшкөн (Мемфистин
жанындагы Серапеум катакомбасынан 64 мумия табылган).