АҢЧЫЛЫК АЙБАНАТТАРЫ
– кармап же
атып алчу кайберен м-н илбээсин. Алар этинен
сырткары мамык жүн, мүйүз ж-а тери берет.
Жашаган жерине жараша токой (токой чили,
кара кур, керең кур ж. б.), талаа же чөл (боз чил,
бөдөнө, кыргоол, безбелдек, тоодак), саз (эчки
маарак), суу (өрдөк, каз ж. б.), тоо (улар, кекилик ж. б.) илбээсиндерине, о. эле жашоо шартына жараша жерг. ж-а келгин болуп айырмаланат. Аларга кайберендер (багыш, марал, тооэчки, аркар-кулжа д. у. с.), коён, каман ж. б.
кирет. Аңчылык кылууга мамл. органдар белгилүү мөөнөткө уруксат берет. Кээ бир сейрек А.
а-на (ак куу, каркыра, тоодак, кыргоол ж. б.)
атууга же кармоого убактылуу тыюу салынып,
аларды көбөйтүү максатында атайын коруктар
уюштурулган (мис., Сары-Челек, Ысык-Көл
ж. б.). Илбээсиндердин эти даамдуу ж-а сиңимдүү. Терисинен булгаары, жаргак ж. б. даярдалса, мүйүзү көркөмдөөдө ж-а көркөм буюм жасоо
үчүн колдонулат, ал эми чаар бугу м-н маралдын кемирчек мүйүзүнөн пантокрин дары заты
алынат, к. Куну айбанаттар.