АНТРОПОХОРИЯ
15:09, 5 Июнь (Кулжа) 2022 карата 433-496>KadyrM тарабынан жасалган версия
(антропо... ж-а гр. choreo -
таралуу) – өсүмдүк диаспораларынын адамдын
иш аракети аркылуу таралуусу. А. жолу м-н
таралуучулар антропохорлор деп аталып, аларга көбүнчө отоо чөптөр ж. б. өсүмдүктөр кирет. Алар сугат суулары, кык ж-а үй жаныбарлары аркылуу; транспорт каражаттары
(агестехория) ж-а а. ч. техникалары м-н жерди иштетүүдө (э р г а з и о х о р и я), о. эле себүү
учурунда үрөн м-н (спейрохория) таралат.
Бул эң байыркы маданий өсүмдүктөрдүн (буудай, күрүч, зыгыр) табигый тандалышына алып
келген. А-га, о. эле адам аркылуу таралган бардык өсүмдүктөр, алардын ичинде эгилме өсүмдүктөр да кирет.