АНТРАЦЕН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:09, 5 Июнь (Кулжа) 2022 карата 433-496>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
, С14Н10 – конденсацияланган ароматтык углеводородцор. Түссүз кристалл, б. эрүү

t 216,6°С, кайно t 351°С, орг. эриткичтерде аз эрийт; эритмеси кызгылт көк. Техникада А. таш көмүр чайырынын 300-350°Сде кайноочу фракциясынан бөлүнүп алынат. Синтездик жол м-н Фридель-Крафтс же Фиттинг реакциясынан, о. эле антрахинонду калыбына келтирүүдөн алы­нат. 1-жолу 1832-ж. таш көмүр чайырынан табылган. А-дин мезо-көмүртек атомдору реакцияга оңой кирет, анын кычкылданышынан антрахинон алынат.