АЛЬБЕРТ ВЕЛИКИЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:19, 5 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 Альберт фон Болынтедт,

Альберт Кельнский (1193-ж., же 1207, Лауцнген – 15.11.1280, Кёльн) – немец теологу, философ, монах-доминиканец. Германиянын доминин мектептеринде (1228–40), Париж ун-тинде (1245–48), Кёльндеги доминикан мектебинде окутуучу болуп иштеген. 1260–62-ж. Регенсбургда епископ, кийин кайрадан окутуучулук ишти аркалаган. Ал эркин иск-вону, табигый илимдерди, медицинаны, о. эле Аристотелдин философиясын окуган. А. В. Аристотелдин, Авиценнанын, Августиндин ж-a Псевдо-Дионийдин эмгектерин өздөштүргөн. Анын эмгектеринде Аристотелдин чыгармачылыгына болгон комментарийлер басымдуулук кылат. А. В-дин филос. табигый ил. кызыкчылыктарынын кеңдиги аны «doctor universalis» деген наамга жеткирген. Ш. К. Алиева.