АНТИСЕМИТИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
06:59, 5 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 еврейлерге карата этникалык ж-а диний жактан жерүү саясаты; аларды чектеп, куугунтуктап, массалык түрдө кырууга багытталган шовинизмдин өтө ашынган формасы. А. термини 19-к-дын 70–80-жылдарында пайда болгон. Узак мезгил бою А. улут аралык чатактарды туудурган каражат катары саясий күчтөр тарабынан пайдаланылган А-дин ашын-ган түрү германдык фашизмдин негизги идеясына айланган. Натыйжада Германиядагы ж-а немецтик-фашисттик аскерлер каратып алган аймактарда 1938–45-ж. 4-6 млнго чейин еврей калкы жок кылынган.