АНТИБӨЛҮКЧӨ
– өзүнө «түгөй» бөлүкчөлөргө
карата масса, жашоо убактысы, спини ж.б. физ. мүнөздөмөлөрү бирдей, бирок алардын өз ара заряддарынын белгилери м-н айырмаланган элементардык бөлүкчөлөрдүн тобу. Анын жаратылышта бар экенин 1931-ж. англ. физик П. Дирак теориялык эсептөөнүн негизинде алдын ала айткан. Электрон үчүн чыгарылган релятивисттик кванттык тендеме (к. Дирак теңдеме си.) электр зарядынын белгисине симметриялуу, о. эле массалуу, бирок электр заряды оң бөлүкчө үчүн туура келген. Ал бөлүкчө электронго карата антиэлектрон (позитрон) деп аталган. Жаратылышта кездешүүчү же жасалма түрүндө алынган элементардык бөлүкчөлөр же алардын А-сү жер бетине келген космос нурларынан бири бирине карата бөлүкчө ж-а А. болгон оң ж-а терс мюондор, бөлүкчө ж-а антибөлүкчө түгөйүн түзгөн терс ж-а оң пи-мезондор, 1955-ж. биринчи жолу антипротон аныкталып, 1956-ж. антинейтрон ачылган. Бардык элементардык бөлүкчөлөрдүн А-сү бар. Үч элементардык бөлүкчөнүн – фотон, z° ж-а р°- мезондордун А-лөрү м-н бирдей мүнөздөмөлөргө ээ, б. а. алардын айырмалары жок. Лабор-да, ылдамдаткычта бөлүкчөлөр өз ара аракеттешкенде, табигый шартта космос нурлары Жер атм-сы м-н өз ара аракеттенишкенде А. пайда болот.