АНКЛАВ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
06:59, 5 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 (фр. enclave, лат. inclavo – кулпу -

лайм) – бөтөн мамлекеттердин аймагы м-н толук курчалган өлкө же анын бир бөлүгү. Эгер А-дын бир жагынан деңизге чыгууга жол бар болсо, ал жарым А. деп аталат. Мындай аймактар көпчүлүк учурда мамлекеттер аралык, этностор ортосунда чыр-чатактардын, согуштардын чыгышына себеп болуп келген. Учурда А-дык аймак тар, А-дык мамлекеттер, жарым А-дар, шаар ичиндеги А-дык кварталдар бар. А. мамлекет катары Лесото королчулугу (Түш. Африка Республикасы), Сан-Марино Республикасы (Италиядан орун алган), ал эми А. шаармамлекет катары Римдин борбордук бөлүгүнөн орун алган Ватикан эсептелет. Жарым А. – Монако княздыгы Франция м-н курчалып, аймактын бир бөлүгү Жер Ортолук деңизине чыгат. Россиянын Калининград облусу да жарым А. катары эсептелип, Литва, Польша ж-а Балтика деңизи м-н чектешип турат. Мароккодогу Сеута ж-а Мелилья ш. – А-дары испандардын бул чөлкөмдү колониялаштыруу мезгилинен калган. Европа континентиндеги Швейцария мамлекетинин аймагындагы Германиянын Бюзинген, Ференахоф, италиялык Кампьон А., Нидерландыдагы Бельгиянын Барле-Хертог А-дарынын узак убакыт бою бөтөн мамлекеттердин курчоосунда жанаша жашоосу ж-а азыркы учурда бул А-дардын экон. саясий жактан өсүшүнүн өтө жогорулашы, алардын арасында аймактык чыр-чатактардын дээрлик жоюлушуна алып келди. 1947-ж. Британиялык Индиянын Индия Союзуна ж-а Пакистанга бөлүнүшү көп сандаган А-дардын пайда болушуна алып келген. 1971-ж. Чыгыш Пакистандын ордуна Бангладеш мамлекетинин түзүлүшү да А-дык маселелерди толук чече алган жок.
Совет бийлигинин 1924-27-жылдарда О. Азия республикаларында улуттук-мамл. чек араларын белгилөөгө байланыштуу жүргүзүлгөн ишчараларынын натыйжасында, азыркы учурда алардын арасында бир кыйла татаал эл аралыкукуктук маселеге айланган А-дар пайда болгон. Алар: Кырг-ндын аймагындагы Өзбекстандын Шахимардан, Таштепе, Чоң Карагалча; Тажикстандын Ворух, Куру-Сай А-дары. Өзбекстан чөлкөмүндөгү Тажикстандын Сарвак, Кырг-ндын Барак А-дары. С. Аламанов.