АНКАРА САЛГЫЛАШЫ
09:09, 5 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
(1402) – эмир Тимур
м-н түрк султаны Баязит /нин аскерлеринин
ортосундагы Анкаранын алдындагы согушу.
Салгылаштын жүрүшүндө Тимурдун аскерлери
Анкараны курчоого алган ж-а Баязит туткунга
түшкөн. Жардамга келген түрк аскерлеринин сан
жагынан аз болгондугуна байланыштуу, алар-дын
чабуулунун мизи кайтарылган. Баязиттин
жеңилип калуусунун негизги себептеринин бири – анатолиялык бейлердин Тимурга өтүп
кетүүсү болгон. Натыйжада Европадагы күчтүү
мамлекеттерден болгон түрк мамлекети убактылуу алсырап, өлкөдө Баязиттин уулдарынын ортосунда бийлик үчүн ич ара күрөштөр, элдик
көтөрүлүштөр күч алган.