АНКАРА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
06:59, 5 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(1930-ж. чейин Ангора, байыркы Анкира) – Түркиянын борбор шаары (1923-жылдан). Анкара илинин (адм.-айм. бирдик) адм.

борбору. Анадолу бөксө тоосунда, Анкара ж-а Чубук д-нын кошулган жеринде деңиз деңг. 891 м

Анкара шаарынын жалпы көрүнүшү.

бийиктикте жайгашкан. Калкы 5,3 млн (2015); калкынын саны б-ча өлкөдөгү Стамбулдан кийинки 2-шаар. Жолдор тоому. Эсенбога эл аралык аэропорту иштейт.
Анатолиянын байыркы шаарларынын бири. Б. з. ч. 7-к-да фригиялыктар тарабынан негизделип, Лидия мамлекетинин курамына кирген. Б. з. ч. 6–4-к-да байыркы фарс сатраптары бийлеп турган. Б. з. ч. 331-ж. Александр Македонский басып алган. 189–25-ж. (б. з. ч.) келт-галаттар мамлекетинин адм. борбору. Андан соң 4 кылым бою Рим империясынын, 395–1073-ж. Византиянын ээлиги. 1356-ж. алгачкы жолу Осмон империясынын карамагына кирген. Анкара салгылашынан кийин (1402) шаар Тимурдун колуна өткөн. Бирок, бир нече жылдан кийин Осмон падышачылыгынын бир провинциясынын адм. борбору болуп, Анатолияда ангора эчкисинин тыбытын иштетип, андан жасалган буюмдарды сатуу м-н белгилүү болгон. 1864- жылдан Анадолу вилайетинин, 1-дүйнөлүк согуштан кийин түрк элинин көз карандысыздыгы үчүн болгон күрөшүнүн борбору. 1920-ж. 23-апрелден Түркиянын Улуу Улуттук чогулушу иштей баштаган (башында Мустафа Кемалпапта Ататурк турган). Анын чечими м-н 1923- жылдын 13-октябрынан Түрк Республикасынын борбору болуп жарыяланган.
Август ж-а Рома храмы (б. з. ч. 2-к.), термалар (2-к-дын аягы 3-к-дын башталышы), Юлиан колоннасы (4-к.), шаар дубалдары (Август доорундагы; бир канча жолу оңдолгон), Ала адДин мечити (1778), Арсланханда (1210, 1330-ж. кайра курулган), ж-а Ахи-Элванда мечиттер (1382), үстү жабык Махмуд-паша базары (бедестан; 1464–71-ж. аралыгы) сакталган. Шаар 1920-жылдан өнүгө баштаган. Эски шаардан түштүккө карай акыркы арх-ралык үлгүдө салынган жаңы шаар өсүп чыкты. Президент ак сарайы, театрлар, ун-ттер, консерватория, Улуттук китепкана, туташ көркөм арх-ралык ансамблдер курулду. Туура пландаштырылган көп
этаждуу имараттар, коттедждер, жашылдандырылган көчөлөр, министрликтердин комплекстери (1920), Кемал Ататүрктүн мавзолейи (1944–53) ж-а эстелиги (1970– 71) тургузулду.
Машина куруу (трактор кураштыруу, а. ч. техникалары, кыймылдаткычтар), металлургия, курал-жарак
өнөр жай ишканалары, аэрокосмостук (биргелешкен Америка–Түркия) з-ду, тамак-аш, жеңил, химия, жыгаччылык, курулуш-материалдар өнөр жайлары бар. Илгертеден салт болуп калган металлдан эмерек жасоо, килем токуу, кылторко өндүрүшү өнүккөн. А-да шариктүү подшипниктер, дизель (биргелешкен Германия - Түркия), кыймыл берүүчү куту (коробка) ж-а диамез үчүн жабдуу чыгаруучу өлкөнүн уникалдуу өнөр жай ишканалары жайгашкан.
С. Айткулоеа, Н. Жылдызова.