АНЗЮС
09:09, 5 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
(англ., Australia, Hew Zealand, United
States – ANZUS) – Австралия, Жаңы Зеландия ж-а АКШнын согуштук-саясий союзу. Үч тараптуу коопсуздук пактысын (АНЗЮС) түзүү ж-дөгү келишимге 1951-ж. 1-сентябрда Сан-Франциско ш-нда кол коюлган; ал 1952-ж. 29-апрелде күчүнө кирген. Келишимде аталган мамлекеттер Тынч океан аймагында биргелешип коргонуу тууралуу макулдашышкан. 1986-ж. Жаңы Зеландиянын өкмөтү АКШнын ядролук куралдуу аскер кемелерин өлкөнүн портторуна киргизүүгө тыюу салып, бул мамлекетке карата келишимдин шарттарын аткаруудан баш тарткан. АНЗЮСка кирген мамлекеттер кийин СЕАТОну түзүүгө да катышкан.