АНД ТООЛОРУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
06:59, 5 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 Анд Кордильерасы

(инктердин тилинде а н т а – жез, жездүү тоо) - Жер шарындагы тоо системасынын эң узуну (9 миң км) ж-а эң бийиктеринен (Аконкагуа чокусу, 6959 м). Түш. Американы түндүгүнөн бүт ж-а батышынан курчайт; Кордильеранын түш. бөлүгү. А. т. – соңку көтөрүлүүлөрдүн натыйжасында Анд (Кордильера) геосинклиналдык бүктөлүү кырчоосунун ордуна кайра пайда болгон тоо. А. т. негизинен түстүү металл рудаларына (Борб. А. т.) бай, алдынкы ж-а тоо алдындагы ийилген жерлерде нефть, газ (Кариб, Борб. А. т.) кендери бар. А. т. негизинен меридиан багытында жарыш жаткан Чыгыш Кордильера, Борб. Кордильера, Батыш Кордильера, Жээк Кордильера кырка тоолорунан турат. Булардын аралыктарында ички бөксө тоолор м-н платолор (Пуна, Альтиплано-Боливия м-н Перуда) ж-а ойдуңдар жайгашкан. Табигый өзгөчөлүктөрү ж-аорографиясы б-ча Түн., Борб. ж-а Түш. А. т-на бөлүнөт. Түн. А. т. Кариб Анд тоолоруна, үч негизги Кордильерадан (Чыгыш, Батыш ж-а Борб.) турган Түн.-Батыш А. т-на ж-а негизги эки Кордильерадан (Батыш ж-а Чыгыш) турган, Экватордук А. т-на бөлүнөт. Борб. А. т. (28° түш. к. чейин) Перу А. т-н ж-а Борб. А. т-нун өзүн же Борб. А. тайпак тоосун камтыйт. Түш. А. т. Чили-Аргентина же субтропиктик А. т-на, Патагония Анд тоолоруна бөлүнөт.
А. т. алты климаттык алкакта (экватордук, түн. ж-а түш. субэкватордук, түш. тропиктик, субтропиктик ж-а мелүүн) жатып, чыгыш

Котопахи жанар тоосу.
Орографиялык схема

(ылымта) ж-а батыш (айдарым) капталдарындагы жаан-чачындын өлчөмү кескин түрдө айырмаланып (айрыкча борб. бөлүгүндө) турат. А. т. океан аралык суу бөлгүч болуп эсептелет. Андан Амазонка ж-а анын куймалары, о. эле Ориноко, Парагвай, Парананын куймалары, Магдалена д., Патагониянын дарыялары башталат. А. т-нда дүйнөдөгү ири көлдөрдүн ичинен эң бийик тоо көлү – Титикака жайгашкан. Түн.-Батыш А. т-нан Борб. А. т-нун түштүгүнө чейинки айдарым нымдуу капталдарын экватордук ж-а тропиктик нымдуу токой (тоо гилеясы) ээлейт. Ал үч бийиктик алкака (тьерра-кальенте, тьерра-темплада ж-а тьерра-фриа) бөлүнөт. Субтропиктик А. т-нда дайыма жашыл кургак субтропик токою ж-а бадал, 38° түш. кеңдиктен түштүктө дайыма жашыл нымдуу ж-а аралаш токой өсөт. Бийик платолорго – түндүгүнө экватордук тоолуу парамос шалбаасы, Перу А. т-на ж-а Пунанын чыгышына бийик тоолуу тропиктик кургак халка талаасы, Пунанын батышына ж-а 5–28° түш. кеңдиктердин аралыгындагы Тынч океандык батыш жээкке чөл өсүмдүктөрү мүнөздүү. А. т. – хина дарагынын, кока, картошка ж. б. баалуу өсүмдүктөрдүн мекени.
Ад.: Герт Г. Геология Анд. Пер. с нем. М., 1959; Кордильеры Америки. Пер. с англ. М., 1967; Физическая география материков и океанов. М., 1988.
Э. Султаналиев.