АНГЛИЯ-ФРАНЦИЯ-ИЗРАИЛДИН ЕГИПЕТКЕ АГРЕССИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:09, 5 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
. Египеттин 1956-ж. 26-июлда Суэц каналын улутташтуруусунан улам келип чыккан. Англия ж-а Франция Суэц каналын кайрадан басып алууга, Израиль болсо коңшу араб мамлекеттерин начарлатууга, Египеттин айрым аймактарын каратып алууга умтулган. 1956-ж. 29-октябрда Израиль аскерлери Египет жерине (Синай ж. а.) басып кирген. 31-октябрда Анг-лия м-н Франциянын куралдуу күчтөрү Египетти бомбалап, 5-ноябрда Порт-Саид ш-нын айланасына десант түшүрүлгөн. Эл аралык коомчулуктун, СССР, АКШ өкмөттөрүнүн талабы

м-н агрессияны токтотуу, англ., фр., израилдик куралдуу күчтөрдү Египеттен чыгарып кетүү ж-дө БУУнун Генералдык Ассамблеясынын сессияларында (1956-ж., 2-, 7-, 24- ноябрда) атайын резолюциялар кабыл алынган. Агрессорлор согуш аракеттерин токтотууга (1956-ж. 7-ноябрь) ж-а Англия, Франция (22. 12. 1956), Израиль (8. 3. 1957) өз аскерлерин Египеттен чыгарып кетүүгө аргасыз болгон.