АНАНЬЕВ кыштагы
09:09, 5 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
Байсоорун, СазановкаЫсык-Көл обл-нун Ысык-Көл р-ндагы кыштак.
Ананьев айыл аймагынын борбору. Бишкек –
Каракол автомобиль жолунун боюнда, деңиз
деңг. 1680 м бийиктикте жайгашкан. Райондун
борбору Чолпон-Ата ш-нан 50 км, Балыкчы
темир жол бекетинен 130 км чыгыш, облустун
борбору Каракол ш-нан 92 км түн.-батыш тарапта. Калкы 7807 (2009). Эки орто мектеп,
оорукана, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, клуб, китепкана, музей бар. Тамак-аш комбинаты, сүт
з-ду иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.