АМУ-ДАРЫЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
06:59, 5 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
– Орто Азиядагы дарыя; айрым

бөлүгү Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан м-н Афганистандын чек аралары аркылуу агат. Панж ж-а Вахш д-нын кошулушунан пайда болуп, Арал деңизине куярда дельтаны пайда кылат. Уз. 1415 км (Панж д-нын башталышынан 2540 км), алабынын аянты 309 миң км2 (Керки ш-на чейин). Алабы тоолуу, түздүктүү бөлүктөрдөн турат, түздүктөрдө А. Кара-Кум ж-а КызылКум чөлдөрү аркылуу агып, нугун өзгөртүп турат. Негизги куймалары: Сурхаб (сол), Кафирниган, Сурхан-Дарыя (оң). Орт. чыгымы Керки ш. тушта 2000 м3/сек (эң чоң чыгымы 9060 м3/сек, эң азы 420 м3/сек). Жаз-жай айларында суусу кирет. Суусу өтө ылайлуу (3,3 кг/м3). Төмөнкү агымында тоңот (Нукус ш. тушта 4 айга чейин). Сугатка кеңири пайдаланылат, А.-Д-да Төө-Моюн ж-а Тахиаташ гидротүйүндөрү курулган, андан Кара-Кум ж-а Аму-Бухара каналдары башталат. Төмөнкү агымында балык кармалат. Чаржоу ш-нан тартып такай кеме жүрөт. Боюнда Термез, Керки, Нукус ш. жайгашкан.