АМПИР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
06:59, 5 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(фр. empire – империя) – 19-к-дын 1-

чейрегиндеги арх-ра ж-а жасалга өнөрүндөгү колдонмо стиль, классицизмдин, акыры. Императорлук Римдин, грек архаикасынын, Байыркы Египеттин көркөм мурасына таянган келишимдүү монументтик бөтөнчө формалар ж-а жасалгалар (аскер эмблемалары, оймо-чийме) мамл. күч-кубаттуулукту ж-а аскердик күчтү көрсөтүү максатында кызмат кылган. А. стили Наполеон 1нин империясынын мезгилинде Франция
да пайда болуп, мемориал арх-расы ж-а сарай интерьерлеринин шаңдуулугу м-н айырмаланган (арх. Ш. Персье,

П. Фонтен). Бир ка

Ф. Жерар. «Наполеон Бонапарт короналык костюму менен». 19-к. Версаль музейи.

тар өлкөлөрдө ал наполеондук согушка каршы күрөштө жеңип алган мамл. көз карандысыздыктын идеясын билдирген. Шаар куруунун, коомдук курулмалардын, шаардык ж-а чарбак

Мальмезон замогу. Чон Салон.

үйлөрдүн (арх. А. Д. Захаров, А. Н. Воронихин, К. И. Росси, В. П. Стасов), монумент скульптуранын (И. П. Мартос, Ф. Ф. Щедрин) классикалык үлгүлөрүн берген орус A-и да улуттун энчиси болуп калды.