АМОНАШВИЛИ ШАЛВА АЛЕКСАНДРОВИЧ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
06:59, 5 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
Шалва Александрович (1937-

ж. т.) – грузин педагогу. Балдарды алты жаштан баштап мектеп шартында окутуунун демилгечиси. Башталгыч билим берүүнүн жалпы мазмунун, формаларын ж-а методдорун аныктоо багытында эксперимент жүргүзгөн ж-а анын натыйжаларын «Саламатсыңарбы, балдар!» (1983), «Алты жаштан мектепке» (1986), «Кандай өмүр кечирип жатасыңар, балдар?» (1986), «Педагогикалык процесстин инсан таламдуу негиздери» (1990) аттуу эмгектеринде корутундулаган. Ал мектептеги 5 баллдык системага, балдарды бири-бирине салыштырып кароо сыяктуу салттуу ыкмаларга тескери мамиледе болгон. Балдардын энергиясын жемиштүү иш-аракеттерге багыттоо б-ча педагогдор үчүн сунушкеңештерди иштеп чыккан. А-нин пед. көз караштары, идеялары Кырг-нда да кеңири белгилүү. Ал респ-нын пед. коомчулугунун өкүлдөрү м-н тыгыз кызматташуу максатында бир нече жолу Кырг-нга иш сапары м-н келип, мугалимдер үчүн лекция, семинарларды өткөргөн, айрым аспиранттардын диссертациялык изилдөөлөрүнө жетекчилик кылган.