АММОНИЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:09, 5 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
, NH4+ – азот м-н суутек атомдорунан турган ион. Эркин абалында жолукпайт,

бөлүүгө аракет кылганда эле аммиак ж-а суутекке ажырайт. Ал бирикмелеринде бир валенттүү металлдардын касиетине ээ. Эл чарбасында кеңири колдонулуучу туздары – (NH4)2C03, NH4N03, (NH4)2S04, (NH4)2S208. А. хлориди NH4C1 нашатырь деп аталып, медицинада көп колдонулат. Ал эми А. нитраты, сульфаты ж-а фосфаттары а. ч-да жер семирткич катары кеңири пайдаланылат. А. туздарынын көпчүлүгү сууда жакшы эрүүчү кристаллдар; ысытканда NH3 бөлүнүп чыгып, оңой ажырайт.