АЛЬТИМЕТР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:09, 5 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(лат. altum – бийиктик ж-а ...

метр), бийиктик өлчөгүч – учуучу аппараттын учуу бийиктигин өлчөөчү прибор. Барометрдик А-де абанын атм-лык басымынын бийиктикке көз карандылыгы (бийиктик өскөн сайын басым азаят) пайдаланылат. Басым абасы сордуруп чыгарылган мембраналуу металл камеранын жардамында өлчөнөт. Буга окшогон камералар барометрде коюлган. Ченелген маанилер кийин бийиктиктин маанисине өзгөртүлөт. А-ди тууралоо (настройка) үчүн басымдын деңиз деңг-не көз карандылыгын ж-a темп-ранын өзгөрүшүн эске алуу керек; радио бийиктик өлчөгүч А. радиосигналды тик багыт б-ча төмөн көздөй берүү ж-a Жерден берилген ж-a чагылдырылган сигналдын фазаларын салыштыруу м-н бийиктикти: деңиз деңг-нен болгон бийиктикти эмес, жер бетине чейинки аралыкты өлчөйт.