АЛЬТЕРНАТИВА
09:09, 5 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
(фр., alternative, латын
alter – экөөнүн бири) логикада, эки же бир нече бири-бирин жокко чыгарган мүмкүнчүлүктөрдүн бирин тандоо зарылчылыгы; бири-бирин жокко чыгарган же танган мүмкүнчүлүктөр. А-нын логикалык негизин шарттуу ажыратуучу силлогизм түзөт. Шарттардын саны б-ча дилемма, трилемма, полилемманы айырмалайт. Дилемма – экөөнүн бири тандан алуу мүмкүнчүлүгү бар шартты ажыратуучу силлогизм.