«АЛТЫН ЙАРУК»

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:09, 5 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 Алтын жарык–

буддизм динин жайылтуу үчүн кытай тилинен түрк тилине которулуп, уйгур жазмасында жазылган, 10-к-га таандык чыгарма (сутра). 1909– 11-ж. С. Е. Малов Чыгыш Түркстандан ж-а Гансудан байыркы уйгур жазмасындагы кол жазмаларды тапкан, а. и. өзгөчө баалуусу уйгурлардын арасында кеңири тараган буддизмдин жазма эстелиги «А. й.» болгон. Чыгарманын бир нече нускасын Турпан оазисинен прусс экспедициясы да тапкан. «А. й-ту» алгач Беш-Балык ш-нын тургуну Сыкоку Сели Тудунг которгон. Сутранын сактап калуучулук күчү бар деген ишеним буддизмди тутунган уйгурлар тарабынан аздектелип, чыгарма бир канча ирет көчүрүлгөн. Сутрада кол жазманын качан ж-а кайсыл жерде көчүрүлгөнү, соопчулук үчүн көчүрүп берүүнү суранган ж-а көчүргөн адамдын аты-жөнү жазылган. Мис. «26-жылы жогорку даражалуу Кансинин башкаруу мезгилинде (1687) мен бактысыз Ратка Вачир Шаби менин ата-энелеримди (ар-балээден) кутултуу жана куткаруу үчүн жазып бүтүрдүм» – деген маалымат жазылган. Бул маалыматтар 17–18-к-да уйгурларда буддизмдин таасири бекем сакталып тургандыгын ырастайт.