АЛТЫН-ЖЫЛГА АЛТЫН КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
06:59, 5 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
Баткен р-нунда. Сох суусунун оң жээгинде, Алтын-Жылга

сайында, Кан кыш-нан 2,5 км аралыкта, деңиз деңг. 2000–2300 м бийиктикте. 1913-ж табылган. 1987–92-ж. издөө иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы пермдин Алтын-Жылга массивинин гранодиорит, диорит ж-а монцонит-диориттери м-н жирелген, девондун акиташ, доломит, алевролит, кумдук катмарларынан түзүлгөн. Кенташтануу (рудалануу) Алтын-Жылга массивинин монцонит-диориттеринин девондун акиташ ж-а доломит тектери м-н болгон контактысындагы скарн тилкелери ж-а экзоконтактысындагы тик жантайган жаракалар м-н байланышкан. Кенташтануу алтын-скарндуу тарам тибине, алтын-сульфиддүү формациясына кирет. Негизги кенташ минералдары: халькопирит, борнит, арсенопирит, алтын, пирит ж. б. Кенташтагы алтындын орт. өлчөмү 7,6 г/г. Кенташтын запасы 1138 миң т. Алтындын запасы 8,636 т.