АЛТЫН-ДАРА
09:09, 5 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
– Алай р-нундагы суу, КызылСуунун сол куймасы. Уз. 40 км, алабынын аянты 480 км2. Алабынын деңиз деңг. орт. бийикт.
3600 м, эң бийик жери Свердлов чокусу (бийикт.
5451 м). Чоң Алай кырка тоосунун түн. капталындагы мөңгүдөн башталып, кууш капчыгай
аркылуу өрөөнгө агып чыгат. Жылдык орт. чыгымы 4,70 м3/сек, эң көбү июнь – июлда, эң
азы февралда байкалат. Сугатка пайдаланылат.
Жээгинде Көк-Жар, Жаңы-Шаар ж. б. кыш. жайгашкан.