АНТОНИНДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
00:03, 5 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 Рим императорлорунун династиясы (96–192);

Антонин Пийдин ысымынан аталган. А-дин белгилүүлөрү: Нерва (96–98), Траян (98–117); Адриан (117–138), Антонин Пий (13–161), Марк Аврелий (161–180) ж-а Коммод (180–192). А-дин тушунда монархиялык бийлик биротоло чындалып, бюрократиялык аппарат түзүлгөн. А-дин башкарган убагы Рим империясынын гүлдөө учуру болгон. Бирок Адриандын тушунда кризистин белгилери пайда болуп, Марк Аврелий башкарган мезгилден тартып империянын кубаты начарлай баштаган.