АНТИСФЁН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
00:03, 5 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 А ф и н а л ы к (б. з. ч. 435 ж-а

370) – байыркы грек ойчулу, Сократтын окуучусу, Платондун душманы. А-дин идеяларын киниктер өркүндөткөн. Ал «буюмдардын аталышын билимдин башталышы» деп эсептеген. А. карама-каршылыктын түрүн танган, анын окуусу көпчүлүк учурда практикалык багытта болгон; ал муктаждыктардан баш тартууну, эрктүү мүнөзгө тарбиялоону талап кылган; жөнөкөйлүккө, табигый калыпка кайтууга үндөгөн; традициялык динди ж-а традициялык мамлекетти четке каккан; даанышман кандайдыр бир белгилүү мамлекеттин жараны эмес, ал бүткүл дүйнөнүн жараны. А-дин ою б-ча, жалгыз ыракаттын нак өзүн эмгек берет, ал эми жашоонун максаты даанышмандык деген. Ал элдердин теңдигине каршы чыккан ж-а коомдук жашоодо акылман жалпы кабыл алынган мыйзамдар м-н эмес, даанышмандардын мыйзамы м-н башкарылат деген. Ш. К. Алиева.