АНТИЛ АРАЛДАРЫ (НИДЕРЛАНДДЫК)

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
00:03, 5 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 Н и-

дерланд Антил аралдарыНидерланд Королдугунун өзүн-өзү башкаруучу адм. бирдиги. Борб. Америкадагы аралдар тобу, Вест-Индияда. Кариб деңизинде жайгашып, 6 аралды камтыйт. Ылымта аралдар тобундагы аралдар – Кюрасао, Бонайре, Клейн (же Кичи) Бонайре (элсиз), Айдарым аралдар тобундагы аралдар – Синт-Эстатиус, Саба ж-а Сен-Мартен. Аянты 800 км2ден ашык. Калкы 199 миң (2009); 90%тен ашыгы шаарда жашайт. Калкынын 80%тен ашыгын антил креолдору (негр ж-а мулат), жерг. креол (папьяменто) тилинде сүйлөгөндөр түзөт, вест-индиялык креолдор (5%), суринамдыктар (3%), голландцар (0,5— 5%), француздар (1%), АКШлык америкалыктар (1%) жашайт. Католик (73%), протестант (13%), мусулман ж. б. диндерди тутат. Адм. борбору – Виллемстад ш. Расмий тили – нидерланд тили. О. эле папьяменто, англис тилдери да колдонулат. Акча бирдиги – антил гульдени. Адм.-айм. жактан 5 аралга бөлүнөт. Аралдары жанар тоодон ж-а кораллдардан пайда болгон. Жээк тилкелери өтө тилмеленип, ыңгайлуу гавандары бар. Климаты деңиздик тропиктик, түндүктөгү аралдары нымдуураак. Айлык орт. темп-расы түштүгүндө 27°С, түндүгүндө 30°С. Жылдык жаан-чачыны 500–600 лииден 1000– 1200 ммге чейин. Түн. а-нда июлдан октябрга чейин ураган болуп турат. Сен-Мартен а-нда туздуу көл бар. Дайыма жашыл токой ж-а бадалдар өсөт. Кюрасао, Бонайре, Синт-Эстатиус ж-а Саба а-нда деңиз астында парктар уюшулган.
Экономикасынын негизин чет элдик туризм түзөт (жылына 700 миң турист келет; киреше 850 млн доллар). Ички дүң продукциясынын көлөмү 2,8 млрд долларды түзгөн, аны киши башына бөлүштүргөндө 16 миң доллардан (2004; АКШ) туура келет. Туризмдин негизги түрлөрү - пляжда эс алуу, дайвинг ж-а сноркелинг. Башкы туристтик борборлору – Сен-Мартен (жылына 400 миң турист келет), Кюрасао (220 миң) ж-а Бонайре (50 миңден ашык). Офшордук банк бизнеси өнүгүүдө (борбору – Виллемстад). Өнөр жай өндүрүшүнүн башкы тармагы – нефть ажыратуу (Виллемстад). Кеме ремонттоо (Кюрасао а-нда), электроника чогултуу өнөр жайы, текстиль ф-касы, ром чыгаруучу (Сен-Мартен а.), ликёр (Кюрасао а.) з-ддору бар. Көркөм кол өнөрчүлүк (тор түйүү, Саба а-нда; зер буюмдарын жасоо) өнүккөн. Кальцийдин фосфатын (Кюрасао а.), туз (Бонайре ж-а Сен-Мартен а-нда) казылып алынат. 2007-ж. 1,22 млрд кВт-c электр энергиясы өндүрүлгөн.
Аймагынын 10,5% а. ч-нда иштетилет. Азыктүлүктүн көп бөлүгү сырттан алынат. Түш. а-нда алоэ (фармацевтика үчүн), ачуу жашыл апельсин (кургатылган кабыгынан «Кюрасао» ликёру даярдалат), Түн. а-нда ак жүгөрү, арахис, бал камыш, нан дарагы, банан, жашылча өстүрүлөт. Балык кармалат. Деңиз продуктылары (лангуст) даярдалат. Темир жол жок. Автомобиль жолунун уз. 845 км (а. и. 300 кми асфальтталган). Деңиз соода флотунун тоннажы 1000 рег. бр.-т Башкы деңиз порттору: Виллемстад, Кралендейк, Филипсбург. Беш аэропорту (а. и. Виллемстадда эл аралык) бар.
Сыртка нефть продуктыларын чыгарып, о. эле нефть, туз, фосфат, алоэ, ликёр, лангуст реэкспорттойт. Сырттан чийки нефть, (Венесуэладан), керектелүүчү товарларды ж. б. алат. Эркин соода зонасы. Негизги соода шериктери: АКШ, Мексика, Гватемала.
Ад.: Антильские (Нидерландские) острова //Страны мира. Краткий политико-экономический справочник. М., 1997. Р. Карачалова.