АНТАЛКИД ТЫНЧТЫГЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
00:03, 5 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(б. з. ч. 387-ж.) –

Афины м-н Фива жетектеген грек полистеринин коалициясы м-н Спартанын ортосундагы тынчтык келишими. Келишим Коринф согушу (395–387) аяктагандан кийин түзүлгөн ж-а Спартанын өкүлчүлүгүнүн башчысы Анталкиддин аты м-н аталган. Персия алгач Спартага кар-шы
күрөшүп, кийинчерээк Спарта м-н бирдикте Афиныга каршы союз түзгөн. Ошондуктан, негизинен Персия тарабынан таңууланган А. т. шарттары б-ча Грекия грек-перс согушунда (б. з. ч. 500–449-ж.) жеңип алгандарынан ажыратылып, Кичи Азия шаарлары кайрадан Ахемениддер династиясынын карамагына өтөт. А. т. шарттарынын аткарылышын көзөмөлдөө Спартага тапшырылып, анын натыйжасында Грекияда Спартанын таасири жогорулаган. Бул келишим Грекияда саясий бытырандылыктын ж-а ич ара күрөштүн күчөшүнө алып келген. А. т-нын тексти Ксенофонттун «Грек тарыхында» баяндалат.