АНДРОН МАДАНИЯТЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:20, 5 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
– коло доорундагы археол. мад-т; б. з. ч. 2-миң жылдыктын башы -

б. з. 1-миң жылдыгындагы Уралдан Енисейге, Иртыштын ортонку агымынан Чыгыш Түркстанга чейинки аймактагы уруулардын тектеш мад-т эстеликтери үчүн колдонулган шарттуу аталыш. Анын тургундары негизинен суу жээктериндеги жер-кепелерде жашашкан. Мад-т Сибирдеги Ачинскиге жакын жердеги Андронов кыштагынын аты м-н аталган. 20-к-дын 20- жылдарында археолог С. А. Теплоухов тарабынан изилденген. Мад-ттын эстеликтерине айланасы таш м-н курчалган көрүстөндөр ж-а асем буюмдар кирет. Көрүстөндөрдүн кашпыттарына таш тизилип, дал ортосуна таш плиталардан же жыгачтардан жасалган табыттар коюлган. Өлүктүн колу-бутун бооруна бүгүп, кыбыланы баштантып, кырынан жаткырып, кийимкечеги, курал жарагы, асем буюмдары м-н бирге көмүшкөн. Көрүстөндөрдөн оттук таш, учтуу найзалар, коло курал жарактар, жез мончоктор, алтын, жез сөйкөлөр табылган. Карала идиш-аяктарын оймо-чийме м-н кооздошкон. Мад-ттын эстеликтери Кырг-ндын Талас өрөөнүндөгү Таш-Башат, Кулан-Сай, Чүй өрөөнүндөгү Кайыңды, Жайылма, Тегирмен-Сай деген жерлеринен, Теңир-Тоонун Арпа жайлоосунан, Кочкор өрөөнүндөгү Бел-Саз, о. эле Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү Жазы-Кечүүдөн табылган. Табылган археол. маалыматтарга таянып, алардын тамакашынын мүнөзүн да аныктоого болот. Ал эми Казакстанда изилденген эстеликтерде палеозоологдордун эсеби б-ча тамак-аштын 60–70% ин уй эти, 10% ин кой эти, 20–30% ин жылкы эти түзгөн. Чопо идиш калдыктарына карал, сүт азыктарынын молдугу божомолдонот. Андрончулар мыкты металлургдар болушкандыгын коло салыктары аныктап турат.

К. Табалдиев.