АНДРАШИ ДЬЮЛА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
00:03, 5 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(3. 3. 1823, Кашау – 18. 2.

1890, Волоска) – венгриялык мамл. ж-а саясий ишмер; граф. Венгриядагы 1848–49-ж. рев-янын жетекчилеринин бири, венгриялык рев-ялык өкмөттүн Константинополдогу дипл. өкүлү. Рев-я жеңилгенден кийин Францияга эмиграцияга кетип, сырттан эле өлүм жазасына тартылган. 1857-ж. амнистия б-ча Венгрияга кайтып келип, император Франц Иосифке берилгендигин далилдеп, ант берген. Австрия-Венгрия монархиясынын түзүлүшүнө алып келген 1867- жылдагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө катышкан. 1867–71-ж. Венгриянын Министрлер Советинин алгачкы төрагасы, 1871–79-ж. Австрия-Венгрия империясынын тышкы иштер министри болуп иштеген.