АНДАШ ЖЕЗ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
00:03, 5 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
Талас р-нунда, Кыргыз Алатоосунун түш. капталында, Каракол суусунун

оң өйүзүндө, деңиз деңг. 2600 м бийиктикте жайгашкан. 1956-ж. табылып, 1982-85-ж. издөө ж-а 1986–88-ж. баа берүү жумупггары жүргүзүлгөн. Кен аймагын палеозойдун чөкмө тектери ж-а аны жиреп чыккан гранит-диорит интрузиясы түзөт. Кенташ ордовик ж-а силур мезгилдеринин кумдук, сланец тектери м-н гранит-диорит интрузиясынын кошулган жериндеги брекчияланып, серпентиниттешип, хлориттешип өзгөргөн тилкесинде топтолгон. Кенташ (руда) тулкусу тарам, линза түрүндө жатат. Негизи минерал дары: халькопирит, малахит, пирит, халькозин, галенит ж. б.; компоненттери: жез, алтын. Жездин кенташтагы өлчөмү – 0,36%, алтындыкы 1,83 г/ти Божомолдуу ресурсу: жездики 29953 т, алтындыкы 15 т