АЛЬТЕРАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
23:59, 4 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

(лат. alteratio - өзгөртөм) музык а д а – негизги добуш катарына кирген үн баскычтарынын аталышын өзгөртпөстөн алардын бийиктигин жогорулатуу же төмөндөтүү. А. белгилери: # (диез) жарым тонго жогорулатуу, Ь (бемоль) жарым тонго төмөндөтүү, X (дубль-диез) бир тонго жогорулатуу, bb (дубльбемоль) бир тонго төмөндөтүүнү билдирет. Бул белгилерди жоюу үчүн t| (бекар) колдонулат.