АЛЬПИНИСТ МӨҢГҮСҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
23:59, 4 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
– Борб. Теңир-Тоодогу

төр-өрөөн тибиндеги мөңгү. Кайыңды-Катта кырка тоосунун чыгыш учунун түш. капталында, Теректи суусунун (Көйкаптын куймасы) башында. Уз. 5,6 км, аянты 3,5 км 2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5520 м, этеги 3940 м бийиктикте жайгашкан. Кар чегинин бийикт. 4510 м. Абляциясынын аянты 1,2 км. Мөңгү күнгөй бетте жайгашкандыктан эрип, тартылууда. Калың этек моренасы негизги мөңгүнүн четине чейин созулуп жатышы, мурда ал Көйкап мөңгүсүнүн бир тармагы болгондугун айгинелейт. Андан башталган суу Көйкап мөңгүсү аркылуу Теректиге куят.