АЛЫМКУЛ ҮСӨНБАЕВ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:06, 5 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
Таабалды уулу (1878, Чоң-Кемин

өрөөнү, Абыла айылы – 1967) – Чоң-Кемин өрөөнүндө жерг. элдердин 1916-ж. улуттук-боштондук күрөшүн жетектегендердин бири. Анын демилгеси м-н 1916-ж. 9-августта Атаке болуштугунда элдин падыша бийлигине каршы көтөрүлүшү башталган. А. башында турган жүзгө жакын көтөрүлүшчүлөр: согушка барбайбыз, андан көрө орус оторчулары м-н кармашып жатып, өз жерибизде өлөбүз, – деп ант беришкен. Аларга Шабдан баатырдын уулдары Мөкүш, Самүдүн ж-a ошол кездеги Атаке болуштугунун болушу Солтоноев Белек Солтонкелди уулу ж. б. таасирлүү адамдар кошулуп, алардын саны өсүп, бир нече миңге жеткен. Көтөрүлүшчүлөр Новороссийка (азыркы Шабдан), Самсоновка станицасы (азыркы Боролдой) сыяктуу орус кыштактарына кол салышкан. Падыша аскерлеринин жазалоочу отряддары начар куралданган көтөрүлүшчүлөрдү тез эле талкалаган. Жеңилген эл Кытайга качууга аргасыз болгон. Кайра кайтып келгенден кийин Совет бийлигин орнотууга жигердүү катышкан. А. Таабалды уулу кыргыз эл жазуучусуА. Токомбаевдин «Кандуу жылдар» романынын баш каармандарынын бири.

Т. Төлөмүшев.