АЛЫБАЕВ Жолболду Парпиевич

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
23:56, 4 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
Жолболду Парпиевич (1947-ж. т.,

Ош обл., Өзгөн р-ну, Зергер айылы) – обончу, ырчы, акын, дастанчы; КРдин эл арт. (2003). Ош пед. ин-тунун музыка ф-тин бүтүргөн (1965). 2002-жылдан Ош МУнун до-

АЛЫБАЕВ 1 12.png

центи. 50дөн ашык обондордун автору. Аккордеондун, комуздун коштоосунда «Туулган жерге», «Дилбар ай», «Кыздар», «Өзбек кызына», «Кош алма», «Чолпонум», «Арман», «Рыспайга кат», Жеңижоктун «Көк сулуу», «Балам жок», Барпынын «Мырзайым», «Буракжан», «Жарга жыгылса суу», Корголдун «Сен, сен дүйнө», Молдо Нияздын «Даткайым», Нурмолдонун «Өмүр», элдик «Акжамал» ж. б. ыр, дастандарды аткарат. Калыгулдун «Тар заманын» ырчылардын ичинен алгачкылардан болуп калк алдына ырдап чыккан. «Гүлазык», «Чолпонум» аттуу ырлар жыйнактары жарык көргөн. Медалдар м-н сыйланган.