АЛТЫГАНА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
23:56, 4 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 т ө ө к у й р у к (Caragana) –

өсүмдүктүн чанактуулар тукумунун уруусу. Бадал, бийикт. 1-2 м, кабыгы боз, сары, күрөң ж. б. Жалбырагы канат сымал татаал кесил-

АЛТЫГАНА 5.png

ген, жан жалбырагы, жалбырак сабы тикенге айланган. Гүлү сары же кызгылт, эки жыныстуу, жалгыздан же 2-5 гүлү бар боочону түзөт, мөмөсү – чанак, анын уз. 3-4 см, түктүү же түксүз. Май айынан баштап гүлдөй бапттайт. Кургак сайда, шагыл таштуу капчыгайда, өзөн суулардын жээгинде 80дей түрү таралган. Көбүнчө О. Азия, Кытай, Монголия, Жунгария, Кашкарияда кездешет. Кыргндын бардык р-ндорунда 14 түрү таралган.