АЛТЫБАЕВ Каныбек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
23:56, 4 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
Каныбек Аманович (15. 7. 1942-ж.

т., Жалал-Абад обл., Токтогул р-ну, Көдүл айылы – 22. 4. 2005) – генерал-майор (1994). В. И. Ленин атн. Ташкент командалык жогорку аскер окуу жайын (1966), «Аткычтар» жогорку курсун (1972) бүткөн. Окуу жайын бүткөндөн кийин Түркстан аскер округунда взводдун командири, 1974–79-ж. Ош обл-нун Майлы-Сай, Ош ш-нда саясий бөлүмдүн начальниги, Ноокат р-нунун аскер комиссариатында бөлүмдүн начальниги, 1979–80-ж. Афганстандын Аскер Күчтөрүнүн тех, департаментинин саясий бөлүмүнүн начальнигинин кеңешчиси, 1980–95-ж. Ош обл-нун аскер комиссары, 1996-жылдан укук коргоо органдарынын ж-а күч структураларынын ишин координациялоо бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.