АЛТАЙ ТИЛДЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
23:56, 4 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
– түрк, монгол, тунгус-манчжур ж-а япон, корей тилдеринин генетикалык

жакындыгы бар деген түшүнүктү билдирген шарттуу термин. Айрым окумуштуулар (И. Табберт-Страленберг, М. А. Кастрен, О. Бётлинг, Г. Винклер, О. Доннер, Г. Рамстедт, Е. Д. Поливанов, В. Л. Котвич ж. б.) А. т. м-н урал тилдеринин генетикалык жакындыгы бар деп сунуш кылышкан. Аталган тилдердин генетикалык жакындыгына караганда, типологиялык жакындыгы көбүрөөк деген көз караштар да бар. Урал-алтай тилдер теориясын жактаган окумуштуулар аталган тилдердин тыбыштык түзүлүшү, сөздөрдүн морфол. жол м-н жасалуусу, сингармонизм ж-а агглютинация мыйзамдарынын окшоштугу, лексикадагы бир катар параллелдер, о. эле атоочтордогу жөндөмө, жак, сан категорияларында болгон структуралык жакындыктарды негиз кылып карашат. А. т. тобун түзгөн түрк, моңгол ж-а тунгус-манчжур тилдеринин ар бири өз ара генетикалык жакындыкты түзсө, о. эле финно-угор, корей тилдеринин ич ара генетикалык жакындыгы бар. О. эле түрк тилдер тобундагы өлүү тилдер, б.а. орхон түрктөрүнүн, енисейлик (байыркы) кыргыздардын, байыркы уйгур, булгар, хазар, кыпчак тилдеринин фонет., граммат., лексикалык окшоштуктары А. т-нин тарыхын салыштырып изилдөөчүлөр тарабынан аныкталган.
Ад.: Рамстедт Г. И. Введение в алтайское языкознание. Морфология. М., 1957; Юнусалиев Б. М. Кыргыз диалектологиясы, Ф., 1971; Котвич В. Исследование по алтайским языкам. М., 1962.
С. Сыдыков.