АНТИПРОТОН
12:59, 4 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
(р ) – протондун туруктуу (стабилдүү) антибөлукчөсү. А. м-н протондун массасы ж-а спини барабар, электр заряды ж-а
магнит моментинин абс. чондугу бирдей, бирок
белгилери карама-каршы. А-нын электр заряды терс маанилүү. 1955-ж. О. Чемберлен, Э. Сегре ж. б. (АКШ) табышкан. Бариондордун сакталуу законуна ылайык А. м-н протон бирге
пайда болушат. А. жуп бөлүкчөлөр эки бош
протон кагылышканда пайда болот. А. зат аркылуу өткөндө аннигиляцияланып, жаңы бөлүкчөлөрдү пайда кылат.